КР Министрлер Кабинетинин 01.04.24 ж. №148 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жаңы генерациялоочу энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү боюнча оперативдүү чараларды көрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 “Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:

– 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12–14-пунктчалар менен толукталсын:

“12) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 3 айдын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары – ЭКБ) субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук документтердин жоктугу;

13) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 6 айдын ичинде ЭКБ субъекттеринде техникалык-экономикалык негиздеменин жана тастыкталган каржылоо булагынын жоктугу;

14) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 1 жылдын ичинде ЭКБ субъекттери курулуш иштерин жүргүзбөгөн учурда.”;

– төмөнкүдөй мазмундагы 321-пункт менен толукталсын:

“321. Ушул Тартиптин 32-пунктунун 12–14-пунктчаларында каралган негиздер боюнча мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугу токтотулган учурда мамлекеттик токой фондунун жерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагына башкарууга өткөрүп берилүүгө тийиш.”.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:

– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“6. Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ижара келишиминин шарттарында төмөнкү мөөнөткө чейин берилиши мүмкүн:

а) мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору – үч жылга: 

– жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн;

– капиталдык курулуштар менен байланышпаган башка максаттар үчүн;

– жеке менчикте турган темир жолдун курулмалары үчүн;

– жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинин жана жол боюндагы тилкесинин жерлеринде жайгашкан жол жана жол боюндагы сервис объекттери үчүн;

– соода рыногунун (соода ишканасынын) дирекциясы тарабынан берилген жер участокторунда соода ишин жүргүзүү үчүн;

б) мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору – он беш жылга:

– темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн;

– ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин курулган капиталдык курулушту мамлекеттик жер пайдалануучулардын балансына өткөрүп берүү менен имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу үчүн;

в) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары – ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору – жыйырма беш жылга;

г) кырк тогуз жылга:

– үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору;

– мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде капиталдык курулуш үчүн берилүүчү жер участоктору;

– эркин экономикалык зоналардын жер участоктору;

– ушул Жобонун 5510-пунктунун 2-пунктчасында каралган учурларда түз берүү жолу менен берилген жер участоктору.”;

– 84-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи–тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

“ – жер участогун алгандан кийин 3 айдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук документтер болбогон учурда;

– жер участогун алгандан кийин 6 айдын ичинде ЭКБ субъекттеринде алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме жана тастыкталган каржылоо булагы болбогон учурда;

– жер участогун алгандан кийин 1 жылдын ичинде ЭКБ субъекттери курулуш иштерин жүргүзбөгөн учурда.”;

– төмөнкүдөй мазмундагы 841-пункт менен толукталсын:

“841. Ушул Жобонун 84-пунктунун жетинчи–тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча ижара келишими токтотулган учурда жер участоктору мыйзамда белгиленген тартипте ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын карамагына өткөрүп берилүүгө тийиш.”;

  • жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:

13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи–тогузунчу абзацтар менен толукталсын:

“ – жер участогун алгандан кийин 3 айдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук документтер болбогон учурда;

– жер участогун алгандан кийин 6 айдын ичинде ЭКБ субъекттеринде алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме жана тастыкталган каржылоо булагы болбогон учурда;

– жер участогун алгандан кийин 1 жылдын ичинде ЭКБ субъекттери курулуш иштерин жүргүзбөгөн учурда.”.

3. Бул токтомдо каралган түзөтүүлөр инвестициялык макулдашууларга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларга кол коюлган жер участокторуна жайылтылбайт деп белгиленсин.

4. Отун-энергетика комплекси жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар мамлекеттик органдар, ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                         А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу