Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү процесстерин оптималдаштыруу, экологиялык таза технологияларды жана материалдарды өндүрүүгө шарттарды түзүү жана өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 5510-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“– электр кыймылдаткычтары бар транспорт каражаттарын өндүрүүчү өнөр жай объекттерин куруу үчүн мамлекеттик жер пайдалануучулардын жер участоктору;”.
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров