Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 “Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 “Продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмеги ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев