Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздук чөйрөсүндөгү талаптардын бузууларын четтетүү максатында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта «2024-жылдын 29-февралынан тартып 2024-жылдын 29-майына чейинки» деген сөздөр «2024-жылдын 29-майынан тартып 2024-жылдын 29-августуна чейинки» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
- белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучуга талапкерди көрсөтсүн;
- «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкаруу киргизилгендиги жөнүндө юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды кабарласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 29-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров