Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарды жалпы жарандык паспорт менен документтештирүү бөлүгүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин ID-картаны тариздөөгө документтерди кабыл алуусун тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:
– 3-пунктта:
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“аяктаган датасы;”;
жыйырма алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“аяктаган датасы;”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:
– 3-пункттун экинчи сүйлөмү “Арыз ээсинин каалоосу боюнча” деген сөздөрдөн кийин “же” деген сөз менен толукталсын;
– 9-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
“– туулган жери;”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген ID-картага жана жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
– 29-пункттагы “21, 24–28” деген сөздөр “21, 24–28-пункттарын кошпогондо, 20, 22, 23” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров