КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-майындагы № 224 токтому

Москва шаарында 2017-жылдын 11-декабрында кол коюлган Автордук жана чектеш укуктарды жааматтык негизде башкаруунун тартиби жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу


Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.  Москва шаарында 2017-жылдын 11-декабрында кол коюлган Автордук жана чектеш укуктарды жааматтык негизде башкаруунун тартиби жөнүндө мамлекеттик тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                               М.Д.Абылгазиев