Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кластердик ыкма менен туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасынын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
– бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров