Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Стратегиялык объекттерге киргизилген рыноктордун субъекттеринин өзгөчө режимдеги соода зонасында салыктарды төлөөгө өтүүсүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 457-беренесинин 1-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптарда:
– 2-пунктта “салык кызматынын ыйгарым укуктуу органынын” деген сөздөр “салык органынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагы тосулууга, видеобайкоо системасы менен жабдылууга жана ишкердик субъектине жана анын товарларына карата салык контролун жүргүзүү мүмкүндүгү менен жабдылууга тийиш.”;
– 4-пункттун 3-пунктчасында “соода рынокторунун” деген сөздөр “соода рыногунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пунктта “жана тосулууга,” деген сөздөрдөн кийин “калктын жана” деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
“51. Эгерде рыноктун аймагы укук күбөлөндүрүүчү документке ылайык ишкердик субъекттеринин жайы аркылуу, көчөнү, жолду бойлой, ошондой эле өтмөктөрдүн, тротуарлардын же өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык башка соода рыногунун аймагында жайгашкан ишкердик субъектинин жайлары бар катарлардын ортосунан өтсө, анда аймактын бул участогунда тосмо талап кылынбайт. Аймактын бул участокторунда видеобайкоо системасы орнотулат.”;
– 6-пункт “аймагынын тосмосу” деген сөздөрдөн кийин “(ушул Талаптардын 51-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Тосмого карата талаптарды кошкондо, өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдуу боюнча шарттарга рыноктун шайкештиги ведомстволор аралык комиссиянын рыноктордун ушул Талаптардын ченемдерине шайкештиги жөнүндө актысы менен ырасталат.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Ведомстволор аралык комиссия салык органы тарабынан жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, салык органынын жана рыноктун администрациясынын өкүлдөрүнүн арасынан түзүлөт.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров