КР Министрлер Кабинетинин 02.07.2024 №345 токтому

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92–94-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – «Кыргызжылуулукэнерго» МИ) анын филиалдарынын базасында төмөндө көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды бөлүү жана түзүү жолу менен кайра уюштурулсун:
  2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси»;
  3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы»;
  6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  7. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси»;
  8. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси»;
  9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  11. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Балыкчы жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  12. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  13. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси»;
  14. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  15. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  16. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы»; 
  17. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы»;
  18. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы»;
  19. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы».

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Балта электржылуулук менен жабдуу жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык;

2)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 2-тиркемеге ылайык;

3)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Каракол жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 3-тиркемеге ылайык;

4)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Беловодск райондор аралык жылуулук жана суу менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 4-тиркемеге ылайык;

5)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Орловка жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 5-тиркемеге ылайык;

6)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын уставы
 6-тиркемеге ылайык;

7)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Жалал-Абад райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын уставы
 7-тиркемеге ылайык;

8)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кант жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 8-тиркемеге ылайык;

9)      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Чолпон-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 9-тиркемеге ылайык;

10)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Балыкчы жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 10-тиркемеге ылайык;

11)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 11-тиркемеге ылайык;

12)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Ош райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» мамлекеттик ишканасынын уставы 12-тиркемеге ылайык;

13)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 13-тиркемеге ылайык;

14)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Таш-Көмүр жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 14-тиркемеге ылайык;

15)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 15-тиркемеге ылайык; 

16)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Миң-Куш айылын тиричилик жактан камсыздоо ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 16-тиркемеге ылайык;

17)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кара-Көл жылуулук менен жабдуу ишканасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 17-тиркемеге ылайык;

18)    Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы» мамлекеттик ишканасынын уставы 18-тиркемеге ылайык.

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин: 

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар бөлүштүрүү балансына ылайык “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин укук мураскерлери болуп саналат;

2) “Кыргызжылуулукэнерго” МИни кайра уюштуруу жол-жобосу аяктаганга чейин жылуулук менен камсыздоо объекттерин
 2024/2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жоопкерчилиги “Кыргызжылуулукэнерго” МИге жүктөлөт. 

4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте белгиленген тартипте кайра уюштурулган юридикалык жактардын бөлүштүрүү баланстарын бекитсин.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирге белгиленген тартипте “Кыргызжылуулукэнерго” МИни кайра уюштуруу
 жол-жобосу аяктаганда кайра түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды алардын иштеген жери боюнча тиешелүү мүлктүк комплекстери (активдери, материалдык-техникалык базалары), штаттык саны жана милдеттенмелери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.

6. Мамлекеттик органдар, министрликтер жана ведомстволор өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн. 

7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды жана жылуулук менен камсыздоо объекттерин иштеген жери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык муниципалдык менчикке кабыл алуу; 

2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин сакталышын жана максаттуу иштөөсүн камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү;

3) муниципалдык менчикке кабыл алынган жылуулук менен камсыздоо объекттерин, жер участокторун андан ары ээликтен ажыратпоо;

4) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда муниципалдык ишканаларга кайра өзгөртүп түзүү аркылуу кабыл алынган мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу боюнча чараларды көрүү;

5) жаңы түзүлгөн жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында пайда болгон чыгымдарын жабууну жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашыруу;

6) муниципалдык менчикке өткөрүп берилген мамлекеттик ишканалардын милдеттенмелерин, анын ичинде бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюу боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2028-жылга чейин жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларды өз убагында жана толук каржылоону (субсидиялоону) камсыз кылсын.

9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды каттоо жол-жоболорун жүзөгө ашырууда, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларды муниципалдык ишканалар катары кайра каттоодо көмөк көрсөтсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында муниципалдык ишканаларды түзүүнүн жыйынтыктары боюнча:

1) мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү лицензияларды берүүнү тездетсин;

2) табигый монополиялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жылуулук энергиясына тарифтерди белгилесин.

11. “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин иши токтотулган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 6, 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын. 

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

13. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                           А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу