КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 247 токтому

Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Аскер кызматчыларын, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук органдарынын, жазык-аткаруу системасынын кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыздоону тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 57-беренесине, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Аскер кызматчыларына, ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик турак жайларды берүү жана аларды пайдалануу тартибинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар тийиштүү жылга бекитилген мамлекеттик органдардын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.


Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев