КР Министрлер Кабинетинин 03.07.2024-ж. № 351 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу


Мамлекеттик ишканаларды башкаруунун бирдиктүү системасын камсыз кылуу жана мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишин контролдоону жүзөгө ашыруу жана аларга бекитип берилген мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө жободо:

– 10-пунктта:

1-пунктчанын он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунда, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунда, “Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы” ачык акционердик коомунда, “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ачык акционердик коомунда, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунда, “Нарынгидроэнергострой” ачык акционердик коомунда, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ачык акционердик коомунда акцияларды башкаруучу орган катары мамлекеттин атынан чыгат;”;

6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“– чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлердин кадрлар резервин түзүүнү камсыз кылат, ошондой эле кадрлар резервине тандоону жүргүзүү жана мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартибин аныктайт.”;

– 11-пункттун сегизинчи, тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун, “Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы” ачык акционердик коомунун, “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ачык акционердик коомунун, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун, “Нарынгидроэнергострой” ачык акционердик коомунун, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ачык акционердик коомунун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүүгө;

– “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунда, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунда, “Курулуп жаткан электр станцияларынын дирекциясы” ачык акционердик коомунда, “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору” ачык акционердик коомунда, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунда, “Нарынгидроэнергострой” ачык акционердик коомунда, “Нарынспецгидроэнергомонтаж” ачык акционердик коомунда мамлекеттин атынан акционер катары чыгууга;”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу