КР Министрлер Кабинетинин 23.07.2024 ж. №404 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөрүнөн артыкчылыктуу тартипте көмүр сатып алуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 “Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:

– 57-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15-пунктча менен толукталсын: 

“15) жылуулук менен жабдуучу ишканалардын ата мекендик көмүр казып алуучу ишканалардан тиешелүү сапаттык мүнөздөмөлөрдөгү жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген бааларда көмүр сатып алуусу.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу