КР Министрлер Кабинетинин 23.07.2024 ж. №402 токтому

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун филиалы – Ош шаарынын жылуулук электр борборунун мүлктүк комплекстерин Ош шаарынын мэриясына  өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1.  “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна (мындан ары – “Электр стациялары” ААК) “Электр станциялары” ААКтын филиалы – Ош шаарынын жылуулук электр борборунун мүлктүк комплекстерин (мындан ары – мүлктүк комплекстер) белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү сунушталсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстерди мамлекеттик менчикке кабыл алсын жана аларды Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында пайда болгон, кабыл алынган мүлктүк комплекстердин базасында түзүлгөн Ош шаарынын мэриясына караштуу жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишкананын чыгымдарын жабууга субсидияларды берүү үчүн Ош шаарынын мэриясына максаттуу трансферттерди 2028-жылга чейин белгиленген тартипте бөлүүнү камсыз кылсын.
  4. Ош шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
  5. өткөрүп берүү актысына ылайык “Электр станциялары” ААКтын жылуулук менен камсыздоо боюнча ишинен келип чыгуучу бардык укуктары, ошондой эле штаттары, каржылоосу жана керектөөчүлөрдүн жана кредиторлордун алдындагы милдеттенмелери менен бирге мүлктүк комплекстерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
  6. муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүчү мүлктүк комплекстердин сакталышын жана максаттуу иштешин камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
  7. кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин базасында Ош шаарынын мэриясына караштуу тиешелүү жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишкананы түзүү боюнча чараларды көрүү;
  8. 2028-жылдан тартып республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферттин өлчөмүн азайтуу максатында жылуулук менен жабдуу объекттеринин чыгымдарын, биринчи кезекте калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында келип чыгуучу чыгымдарды жабууну жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз кылуу;
  9. өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү учурунда болгон милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарууну, анын ичинде бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды төлөөнү камсыз кылуу.
  10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги кабыл алынуучу мүлктүк комплекстерди кайра каттоого жана кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин базасында түзүлгөн Ош шаарынын мэриясына караштуу жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишкананы каттоого көмөк көрсөтсүн.
  11. Кабыл алынуучу мүлктүк комплекстердин базасында түзүлгөн Ош шаарынын мэриясына караштуу жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишкананы түзүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти:

         1) Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Ош шаарынын мэриясына караштуу жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишканага зарыл болгон лицензияларды берсин;

2) Ош шаарынын мэриясына караштуу жылуулук менен жабдуучу муниципалдык ишкана тарабынан колдонулуучу электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди белгилесин.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу