КР Министрлер Кабинетинин 23.07.2024 ж. №401-токтому

Билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында окуу процессин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:  

1. Кыргыз Республикасынын аскердик жана укук коргоо органдарынын системасына кирген орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик уюмдарында окуу сабактары саат 10дон эрте башталбайт деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 6-тиркемесинде:

159-пунктта «башталбайт» деген сөз «башталышы мүмкүн» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жеке менчик формасындагы башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына окуу сабактарын саат 10дон эрте баштабоо сунушталсын.

4. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) каралган каражаттардын чегинде: 

         1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

         2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                          А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу