Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 "Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө жобонун 5-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын ак ниет ишкерлеринин реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин регламенти 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарынын негизинде өз чечими менен жогоруда аталган ведомстволор аралык комиссиянын жеке курамын бекитүү жолу менен ушул тескемени аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул тескеме расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров |