КР Министрлер Кабинетинин 30.07.2024 ж. №430-токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 374 “Кыргыз Республикасынын аймагына боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди автотранспорт жолу менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 Ички рыноктогу боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементке, аллюминий кычкылдуу цементке, күл цементке жана ушуга окшош гидравликалык цементтерге тартыштыкты болтурбоо максатында, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
 токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 12-июлундагы № 374 “Кыргыз Республикасынын аймагына боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди автотранспорт жолу менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1. Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт жолу менен ЕАЭБ ТЭИ ТН 2523 товардык позициясындагы боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди (суперсульфаттуу цементти кошпогондо) ташып келүүгө (импорттоого) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып киргизүлүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 30-июлунан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                            А.У. Жапаров

Тиркемелер

Басып чыгаруу