Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банктык эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 23-январындагы № 16 “Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта “2024-жылдын 1-февралынан тартып 31-июлуна чейинки” деген сөздөр “2024-жылдын 1-февралынан тартып
2025-жылдын 31-январына чейинки” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) юридикалык жана жеке резидент эмес жактар менен иштөөдө террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү.”;
3) 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5. Ушул пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө Кыргыз Республикасынын аймагында болбогон жана иш жүргүзбөгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жакты, филиалды же өкүлчүлүктү түзүүнү пландабаган юридикалык жактарга карата гана жол берилет деп белгиленсин. Юридикалык жана жеке жактарга карата Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө талап юридикалык жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүлөрүн жеткирүүчүлөр менен операцияларына жайылтылбайт.”;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында юридикалык жана жеке резидент эмес жактардын банк эсептерин ачуу жана тейлөө жөнүндө убактылуу жободо:
– 3, 9, 18-пункттарда “терроризмди”, “Терроризмди” деген сөздөр тиешелүү түрдө “террористтик ишти”, “Террористтик ишти” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Ушул Убактылуу жобону ишке ашыруу үчүн Банк чет мамлекеттердин аймагында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачат же террористик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатында бардык эл аралык талаптарды, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды үчүнчү тарап милдеттүү түрдө сактаганда, анын ичинде ушул Убактылуу жобонун 7-пунктун сактоо максатында агенттик келишимдин негизинде үчүнчү ишенимдүү тараптарды ишке тартат.”;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Банктык эсепти ачуу үчүн жеке резидент эмес жак төмөнкүдөй документтерди берет:
1) бекитилген формада эсеп ачууга кардардын колу коюлган арызды;
2) кардардын инсандыгын ырастаган документти (чет өлкөлүк жарандын паспорту).
Ушул пунктту аткаруу үчүн Банк тарабынан аралыктан режиминде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган маалыматтык системаларды жана методдорун колдонуу аркылуу, агенттин маалыматтык системалары жана методдорун менен идентификацияланган жана верификацияланган жеке резидент эмес жактын жеке маалыматтары жөнүндө алынган маалыматтардын негизинде, агент чыккан өлкөнүн мыйзамдарынын жеке жактарды аралыктан идентификациялоо бөлүгүндө талаптарынын сакталышын эске алуу менен жеке резидент эмес жак кардарды идентификациялоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана методдор үчүнчү тараптардын идентификациялоонун жол-жоболоруна жана натыйжаларына авторизацияланбаган кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш.”;
– 11-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) банк эсебиндеги азайтылбаган калдык эсеп жабылганга чейин (келишимдин бузулушу, анын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы) башка банктарга которулушу же кардарга берилиши мүмкүн эмес.”;
– 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 20-пунктта расмий тилде “терроризма” деген сөз “террористической деятельности” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын
31-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров