КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 «Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин укуктук базасына шайкеш келтирүү, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 «Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 - преамбуласындагы «Евразиялык экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 6-октябрындагы № 134 чечими менен тарифтик квоталар белгиленген» деген сөздөр «Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө жөнүндө жана лицензияларды берүү тууралуу чечим кабыл алынган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелеринде:

3-пунктунда:

- «жаңы берүүчүлөр - тышкы соода ишинин катышуучулары» деген сөздөр «жаңы берүүчүлөр» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелер менен аныкталган мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квотаны бөлүштүрүү ыкмасына ылайык жүргүзүлөт.»;

5-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) мурдагы берүүчүлөргө:

- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын белгиленген көлөмдөрүнөн 50 %;

- 70 % - чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду);

- 70 % - канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду).»;

2) жаңы берүүчүлөргө:

- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын белгиленген көлөмдөрүнөн 50 %;

- 30 % - чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду);

- 30 % - канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду).»;

6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын эксперттик корутундусун берүүгө негиз болуп саналат»;

төмөнкүдөй мазмундагы 61-пункт менен толукталсын:

«61. Мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоого квота бөлүп берүү өтүнмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Өтүнмөгө берүүчүнүн мөөрү жана коюлган колу менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүдөй документтер тиркелет:

-  юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн же жеке ишкерди (жеке жакты) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

-   реквизиттердин (контракттын номери жана контракттын түзүлгөн күнү), тиркемелердин жана (же) ага кошумчалардын милдеттүү түрдө орус тилине котормосу менен тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, тышкы соода келишими (контракт) жок болгон учурда – тараптардын ниетин тастыктаган башка документтин көчүрмөсү;

-     документтер өкүл аркылуу берилген учурда – ишеним кат, ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Берүүчүлөрдүн ортосундагы тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын протоколу менен бекитилет.»;

7-пунктунда:

-        «уй этин» деген сөздөр «ири мүйүздүү малдын этин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-       «ушул Эрежелердин тиркемесиндеги формага ылайык импорттоого квотаны бөлүштүрүүгө өтүнмөнүн негизинде» деген сөздөр алып салынсын;

11-пунктунда:

-       «жана лицензия алуу үчүн арыздарды» деген сөздөр алып салынсын;

-       төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүдөн кийин калган калдыктар катышуу өтүнмөсүн тапшырган берүүчүлөрдүн ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт. Калдыктарды бөлүштүрүүгө мурдагы жана жаңы берүүчүлөр катыша алат.»;

13-пунктунда:

-       «кийинки 2 жылдын» деген сөздөр «кийинки 1 жылдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-       төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүштүрүлгөндөн кийин эки айдын ичинде мурдагы берүүчү тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн бөлүнүшү тууралуу жазуу түрүндө тастыктоону алууга милдеттүү. Эки айдан кийин, мурдагы берүүчү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органда жазуу түрүндө тастыктоону калтырган учурда ыйгарым укуктуу орган мурдагы берүүчүгө мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.»

14-пунктунда:

-       «Жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда» деген сөздөрдөн кийин «ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду),» деген сөздөр менен толукталсын;

-       төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүдөн кийин  калган калдыктар катышуу өтүнмөсүн берген жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт.»;

16-пунктунда:

-        «ыйгарым укуктуу орган,» деген сөздөрдөн кийин «ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду),» деген сөздөр менен толукталсын;

-       «лицензия берилген» деген сөздөр «бөлүштүрүлгөн» деген сөз менен алмаштырылсын;

17-пунктунда:

-       «келерки 2 жылда» деген сөздөр «кийинки 1 жылда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-       төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

             «Тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүштүрүлгөндөн кийин эки айдын ичинде жаңы берүүчү тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн бөлүнүшү тууралуу жазуу түрүндө тастыктоону алууга милдеттүү. Эки айдан кийин, жаңы берүүчү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органда жазуу түрүндө тастыктоону калтырган учурда ыйгарым укуктуу орган жаңы берүүчүгө мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.»

             - 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«18. Мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүнөн жазуу түрүндө баш тарткан жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жаңы берүүчүнүн лицензиясын жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда бул лицензия боюнча бөлүнүүчү тарифтик квотанын көлөмү бөлүштүрүлбөгөн болуп эсептелет.

Мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүнөн жазуу түрүндө баш тарткандан кийин жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жаңы берүүчүнүн лицензиясын жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу  жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде бар болгон ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана (же) канаттуулардын этин (ЕАЭБ) ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын көлөмү тууралуу маалыматтар агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын Интернет ресурсунда жайгаштырылат.»;

- жогоруда аталган Эрежелердин тиркемесинде «уй эти» деген  сөздөр «ири мүйүздүү малдын эти» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                                        М.Д. Абылгазиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу