Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлор үчүн каржылооалууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;
3) экономикалык долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө
3-тиркемеге ылайык;
4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду тандоо критерийлери 4-тиркемеге ылайык;
5) экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери
5-тиркемеге ылайык;
6) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоогокелишим 6-тиркемеге ылайык;
7) Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика 7-тиркемеге ылайык.
2. Капиталында 100 пайыз мамлекеттик үлүш бар КыргызРеспубликасынын коммерциялык банктары аркылуу региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен региондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
– тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 261-пункт менен толукталсын:
“
261 | Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен берилген бюджеттик кредиттерди пайдаланууүчүн пайыздар | ФКФ |
|
”.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
− 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
− “белгиленген тартипте региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын башкарат;”.
5.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
− 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
3. | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 5628 | 974 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 253 | 48 |
| аймактык бөлүмдөрү | 530 | 145 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 4845 | 781 |
”.
6.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд жөнүндө жободо:
− 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“– региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик кредиттерди администрациялоо;”.
7.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 “Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо:
− төмөнкүдөй мазмундагы 131-пункт менен толукталсын;
“131. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүүнүн тартиби жана шарттары региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануутартибин жөнгө салуучу жобо жана ушул Жобо менен аныкталат.”.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
9.Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
10.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын
2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилинереспубликалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
11.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров