КР Экономика жана коммерция министрлигинин 27.08.2024-ж. № 04 буйругу

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жылдык иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмону бекитүү тууралуу

Стратегиялык пландаштыруу документтерин иштеп чыгуу процессинин катышуучуларына усулдук колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 10-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартибинин             29-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобонун 17-пунктунун 18-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жылдык иш-чаралар пландарын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмо (мындан ары – Усулдук колдонмо) ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Министрликтерге, мамлекеттик комитетке, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өз ишинде ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Усулдук колдонмо пайдаланылсын.

3. Стратегиялык өнүгүү башкармалыгына:

1) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн. 

2) ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө эки нускада, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;

3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.

4. Басма сөз кызматы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.С. Сейитовго жүктөлсүн.

Кырг_Приложение к Приказу_26.08.24.docx

Министр                                                               Д.Дж. Амангельдиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу