КР Финансы министрлигинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 146-Б

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругу менен бекитилген Бюджеттик классификацияга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  1-главада (Кирешелердин классификациясы):

-      үч жүз экинчи сапта “чарбалардын” деген сөздөн кийин “жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын” деген сөздөр менен, “камсыздандыруу төгүмдөрү” деген сөздөрдөн кийин “(Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын;

  •  төмөнкүдөй мазмундагы үч жүз төртүнчү сап менен толукталсын:

12111150

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү

”;

  • төмөнкүдөй мазмундагы төрт жүз алтымыш төртүнчү сап менен толукталсын:

14224810

Аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйым

”;

-      1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу тартиби):

-      жүз кырк тогузунчу сапта “чарбалардын” деген сөздөн кийин “жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын” деген сөздөр менен жана “камсыздандыруу төгүмдөрү” деген сөздөрдөн кийин “(Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунан тышкары)” деген сөздөр менен толукталсын;

          -        төмөнкүдөй мазмундагы жүз элүү биринчи сап менен толукталсын:

-      “12111150 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна юридикалык жак болуп түзүлбөгөн дыйкан (фермер) чарбалардын жана жер үлүшүнө ээ жеке жактардын камсыздандыруу төгүмдөрү”;

  • үч жүз жетинчи сапта “үчүн” деген сөздөн кийин “, ошондой эле мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жана нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлккө, жер участокторуна укуктар менен жасалуучу бүтүмдөрдү жүзөгө ашыргандыгы үчүн” деген сөздөр менен толукталсын;

-      төмөнкүдөй мазмундагы үч жүз отуз төртүнчү сап менен толукталсын:

  • “14224810 Аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесиптик аудитордук бирикмелерди Бирдиктүү мамлекеттик реестрде каттоо, кайра каттоо жана Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү үчүн жыйым”;
  • 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясы):
  • төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш алтынчы сап менен толукталсын:

22154600

Аскердик багыттагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

”;

  • токсон экинчи сапта “кесиптик” деген сөз алып салынсын;
  • төмөнкүдөй мазмундагы токсон жетинчи - жүзүнчү саптар менен толукталсын:

22192



Мектепке чейинки билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар;

”;

22192100



Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында (ваучер) бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар;

22192200


Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар (тамак-ашка талондор/жеңилдиктер);

22192900

Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген башка чыгымдар.

  • жүз алтымыш экинчи-жүз алтымыш төртүнчү саптарда “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын; 
  • 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясын колдонуу тартиби):

-      төмөнкүдөй мазмундагы жүз жыйырма жетинчи сап менен толукталсын:

  • “22154600          Аскердик багыттагы товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр;
  • ок-дарыларга, снаряддарга, ракеталарга, кол гранаталарына ж.б. чыгымдар”;
  • жүз отуз биринчи сапта “алууга” деген сөздөн кийинки “коргонуу жана укук коргоо органдарына тартылгандардан тышкары” деген сөздөр алып салынсын;
  • жүз алтымыш төртүнчү сапта “кесиптик” деген сөз алып салынсын;
  • төмөнкүдөй мазмундагы жүз алтымыш тогузунчу-жүз жетимиш экинчи саптар менен толукталсын:
  • “22192 Мектепке чейинки билим берүү системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар, төмөнкү элементтерди камтыйт:
  • 22192100 Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында (ваучер) бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар; 
  • элемент мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөргө менчигинин түрүнө карабастан ваучердик төлөмдү камтыйт. Ваучердик төлөмдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат;
  • 22192200 Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгымдар (тамак-ашка талондор/жеңилдиктер);

-      бул элемент Баткен облусун кошпогондо, ваучер алуучу балдардын тамактануусун (менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчүлөргө) жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоону (жеңилдиктерди берүүнү) камтыйт. Ваучер алган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн тамак-ашты каржылоонун (жеңилдиктерди берүү) өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат;

  • 22192900 Мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөр системасында бирдиктүү берене менен берилген башка чыгымдар”;

-      чыгымдардын бул категориясына ваучердик төлөмдү жана тамак-ашка жеңилдиктерди кошпогондо, мамлекеттик бюджеттен башка бардык чыгымдар кирет;

  • эки жүз кырк бир-эки жүз кырк үчүнчү саптарда “мамлекеттик” деген сөздөн кийин “жана муниципалдык” деген сөздөр менен толукталсын;
  • 3-главада (Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы):
  • төмөнкүдөй мазмундагы жүз төртүнчү–жүз алтынчы саптар менен толукталсын:


31124

Курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар

”;

311242

Аскердик товарларды сатып алуу

31124210

Бир жолку колдонулуучу аскердик товарларды сатып алуу

-      3-главада (Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын колдонуу тартиби):

         -         төмөнкүдөй мазмундагы жүз кырк алтынчы-жүз кырк тогузунчу саптар менен толукталсын:

            -     “31124   Курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар;

          -        бул беренече төмөнкүлөрдү: аскердик товарларды, мисалы, бир жолку колдонулуучу куралдарды (ок-дарылар, снаряддар, ракеталар, бомбалар, торпедалар) сатып алууну камтыйт. Курал-жарак системалары аркылуу жеткирилген ок-дарылар, снаряддар, ракеталар, бомбалар жана ушул сыяктуу бир жолку колдонулуучу курал-жарактардын көпчүлүгү аскердик багыттагы материалдык жүгүртүү каражаттары катары каралат. Ошону менен бирге, бир жолку пайдаланылуучу айрым объекттер, мисалы, кыйратуучу жөндөмдүүлүгү өтө жогору баллистикалык ракеталардын айрым типтери, агрессорлорду ооздуктоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу берүүнү камсыз кылышы мүмкүн, ошондуктан аларды негизги фонддор катары классификациялоо үчүн жалпы критерийлерге жооп бере алат”;

  •  “311242 Аскердик товарларды сатып алуу”;

-     “31124210  Бир жолку колдонулуучу аскердик товарларды сатып алуу (ок-дарылар, снаряддар, ракеталар, бомбалар, торпедалар жана башкалар)”;

4)   4-главада (Функционалдык классификация):

-      төмөнкүдөй мазмундагы отуз жетинчи сап менен толукталсын:

70229


Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр


”;

  • төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш биринчи сап менен толукталсын:

70368


Башка категорияларга таандык кылынбаган коомдук тартип жана коопсуздук мекемелеринин башка кызмат көрсөтүүлөрү


”;

  • төмөнкүдөй мазмундагы эки жүз он алтынчы сап толукталсын:

70982


Билим берүүнүн башка кызмат көрсөтүүлөрү


”;

  • 4-главада (Функционалдык классификацияны колдонуу тартиби):
  • кырк сегизинчи сап төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: 
  • “өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну, кадрлар саясатына дем берүүнү жана башка жол-жоболорду кошкондо жалпы маселелерге жетекчилик кылуу жана башкаруу;”;
  • жүз он төрт-жүз он алтынчы саптар төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 
  • “радиоактивдүү калдыктарды чогултуу, ташуу, көмүү, радиоактивдүү заттарды жана  радиоактивдүү изотопторду утилдештирүү жана ташуу боюнча иштерди уюштуруу;
  • радиациялык коопсуздукту жана калкты радиациялык коргоону камсыз кылуу, радиациялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу;
  • мүмкүн болгон радиациялык авария боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу, радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, ташууда жана көмүүдө алардын кесепеттерин иликтөө жана болжолдоо, атайын кийимди дезактивациялоо, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана иштин башка түрлөрү”;
  • төмөнкүдөй мазмундагы жүз он жетинчи сап менен толукталсын:

          -        “70229 жогоруда аталган категорияларга  таандык болбогон жарандык коргонуу жана өзгөчө   кырдаалдар боюнча  башка кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде өнүктүрүү фондун иштеп чыгуу жана кадрлар саясатына дем берүү жана башка жол-жоборлор”;

            -      төмөнкүдөй мазмундагы жүз алтымыш алтынчы сап менен толукталсын:

            -  “70368 Башка категорияларга таандык болбогон коомдук тартип жана коопсуздук мекемелеринин башка кызмат көрсөтүүлөрү;

-      коомдук тартипке жана коопсуздукка байланыштуу мыйзамдардын жана мыйзам актыларынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча коомдук тартип жана коопсуздук жаатындагы ишти жетектөө жана башкаруу; 

-      коомдук тартип жана коопсуздук жаатына байланыштуу жалпы саясатты, пландарды, программаларды иштеп чыгуу, аларды жетектөө, координациялоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо сыяктуу иш-чараларды жетектөө, башкаруу же колдоо;

 -     өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну, кадрлар саясатына дем берүүнү жана башка жол-жоболорду кошкондо жалпы маселелерге жетекчилик кылуу, башкаруу ж.б.;

-  жогоруда аталган топторго киргизилиши мүмкүн болбогон коомдук тартип жана коопсуздук жаатындагы маселелер жана алар менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр”;

-      төмөнкүдөй мазмундагы алты жүз төртүнчү сап менен толукталсын:

-    “70982 Билим берүүнүн башка кызмат көрсөтүүлөрү;

-   “өнүктүрүү фондун иштеп чыгууну, кадрлар саясатына дем берүүнү жана башка жол-жоболорду кошкондо кадрдык тейлөөнүн жалпы маселелерине жетекчилик кылуу, башкаруу ж.б.;

5)    5 – главада (Ведомстволук классификация):

-      он алтынчы сап алып салынсын;

-      төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи сап менен толукталсын:

15160


“Акылман” Президенттик лицейи


”;

-      төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма  бешинчи сап менен толукталсын:

17130


Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу “Тынчтык” ден соолукту чыңдоо борбору” мамлекеттик мекемеси

”;

-      төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма  тогузунчу сап менен толукталсын:

18130


Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору

”;

  • төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи сап менен толукталсын:

19130


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы

”;

-      кырк төртүнчү сапта “Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти” деген сөздөр “Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-      сексен бешинчи сапта “Мамлекеттик” деген сөз “Жалпы мамлекеттик” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-      жүз жетинчи сапта “жогорулатуу” деген сөздөн кийин “жана башка иш-чаралар” деген сөздөр менен толукталсын;

-      жүз сегизинчи сапта “Кризиске каршы чаралар” деген сөздөр “Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн каражаттарды топтоо” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-      төмөнкүдөй мазмундагы жүз он алтынчы сап менен толукталсын:

26690


Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги (Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарын калыбына келтирүү)

”;

-      төмөнкүдөй мазмундагы жүз жыйырма экинчи сап менен толукталсын:

26830


Чек ара аймактарын өнүктүрүү

”;

-      төмөнкүдөй мазмундагы жүз отуз бешинчи сап менен толукталсын:

28520


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемеси



”;

  -       жүз элүү жетинчи сапта “илим ведомстволук мекемелер” деген сөздөр “Илим фонду” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-      төмөнкүдөй мазмундагы жүз элүү сегизинчи сап менен толукталсын:

34150


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси



”;

-       төмөнкүдөй мазмундагы жүз сексен жетинчи сап менен толукталсын:

38130


Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору”



”;

-  төмөнкүдөй мазмундагы жүз сексен тогузунчу-жүз токсон биринчи саптар менен толукталсын:

38910

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (кошо каржылоо)



38920

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (грант)



38930

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (кредит)

”;

-        жүз токсон үч - жүз токсон сегиз жана эки жүз төртүнчү-эки жүз тогузунчу  саптарда “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;

-      жүз токсон тогуз-эки жүз үчүнчү саптар алып салынсын;

-      эки жүз жыйырма жетинчи сап алып салынсын;

          -        төмөнкүдөй мазмунда эки жүз кыркынчы сап толукталсын:

45620

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Республикалык адистештирилген комбинат” мамлекеттик мекемеси



45710

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы (аппарат)



45720

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы (ведомстволук мекемелер)

“;

            -       төмөнкүдөй мазмунда эки жүз кырк тогузунчу сап толукталсын: 

51

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик



51121

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик



51130

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси



52

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик



52121

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик

“;

-      эки жүз элүү экинчи сап алып салынсын;

-      эки жүз алтымышынчы сапта  “жана экономика” деген сөздөр алып салынсын;

-      эки жүз сексен сегиз жана эки жүз сексен тогузунчу саптар алып салынсын;

           -       эки жүз токсон алтынчы сапта “Мамлекеттик геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти (аппарат)” деген сөздөр “Кыргыз геологиялык кызматы” деген сөздөргө алмаштырылсын;

            -      үч жүз жыйырма - үч жүз жыйырма биринчи саптардагы “изилдөөлөр” деген сөз “демилгелер” деген сөзгө алмаштырылсын;

-      төмөнкүдөй мазмундагы үч жүз жыйырма төртүнчү сап менен толукталсын:

74910

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (кошо каржылоо)



74920

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (грант)



74930

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (кредит)

“;

-      төмөнкүдөй мазмунда үч жүз отуз төртүнчү сап толукталсын:

83

Элдик Курултайдын катчылыгы



83120

Элдик Курултайдын катчылыгы

“;

-      төмөнкүдөй мазмундагы үч жүз кырк үчүнчү сап менен толукталсын:

87

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору



87120

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Котормо борбору

“.

2.    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:

  1. ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
  2. расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
  3. ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускамада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.

3.  Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.

5.   Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бардык түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрүнө жана аймактык башкармалыктарына билдирсин.

6.   Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.

Тиркемелер

Басып чыгаруу