Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:
– 24-пункттун он алтынчы абзацы, 61-пункттун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
19-майындагы № 257 “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде:
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23. Камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде автотранспорт каражатынын менчик ээси алмашкан учурда жаңы менчик ээси камсыздандыруучуга кайрылууга жана камсыздандыруу келишимин өзүнүн атына кайра тариздөөгө укуктуу. Камсыздандыруу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. Эгерде маалыматтарды өзгөртүү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келсе, камсыздандыруучу ушул Эрежелердин 22-пунктуна ылайык камсыздандыруу сыйакысын кайра эсептөөгө милдеттүү, мында жаңы менчик ээси камсыздандыруу сыйакысынын суммасынын айырмасын гана кошумча төлөйт. Автотранспорт каражатынын менчик ээси ал жаңы менчик ээсине кайра таризделгенден кийин жана (зарыл болгон учурда) акыркысы камсыздандыруу сыйакысын кошумча төлөгөндөн кийин алмашкан учурда камсыздандыруу келишими жарактуу болот. Милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын алмаштырууга, ошондой эле камсыздандыруу мөөнөтүн өзгөртүүгө жол берилбейт.”.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров