Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 287 “Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоонун мамлекеттик тутумун уюштуруу жана мобилдик байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибинде:
– 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Мамлекеттик корголууга тийиш болгон адамдардын коопсуздугун, өлкөдө коргоо жөндөмдүүлүгүн, коопсуздукту камсыздоо жана ички тартипти колдоо жана өзгөчө кырдаалдар учурунда муктаждыктарды камсыздоо, ошондой эле эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген мобилдик түзүлүштөрдүн IMEI-коддорун каттоо ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү кайрылууларына ылайык өзүнчө тартипте жүргүзүлөт.”;
– 12-пункттун үчүнчү абзацында “бажы декларациясын берүүнүн алдында” деген сөздөр “товарлар чыгарылгандан кийин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 13-пунктта “Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө” деген сөздөр алып салынсын;
– 16-пунктта:
жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген түзүлүштөргө бажы декларациясынын же товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздын жоктугу.”;
– 172-пунктта “мамлекеттин кирешесине конфискациялоого жатат” деген сөздөр “ИМТда катталбайт” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 18-пунктта:
алтынчы – сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– бажы декларациясынын болушу;
– товарларды ташып келүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинген түзүлүштөр үчүн кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз.”;
– 20-пункттун биринчи – үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 221-пунктта “Салык жана бажы органдары” деген сөздөр “Салык органы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 31-пункт “MSISDN” деген аббревиатурадан кийин “, жайгашкан жери” деген сөздөр менен толукталсын;
– 32-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров |