Каршы күрөшүү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин тизмесин жана Пестициддердин жана агрохимикаттардын чыгышы жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан, жоюу иштери республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
“Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Каршы күрөшүү республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кооптуу зыяндуу организмдердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) Пестициддердин жана агрохимикаттардын чыгышы жана алардын айыл чарба продукцияларын, кыртыштарды жана сугат сууларын булгоосу менен байланышкан, жоюу иштери республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу өзгөчө кырдаалдардын тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров