КР Министрлер Кабинетинин 31.05. 2022 №285 токтому

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Энергетикалык коопсуздукту, энергетикалык системанын ишенимдүү туруктуу иштөөсүн, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана Кыргыз Республикасында генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруу үчүн, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2022-2025-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү менен даярдык көрүү мезгилинин объекттерин куруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр аныкталсын:

1) башкы подрядчы болуп "Нарынгидроэнергокурулуш" ачык акционердик коому;

2) башкы долбоорлоочу болуп "Гидропроект" долбоор-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасы.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна бюджеттик кредитти бөлүп берүү маселесин иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомдору, "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасы Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров






Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна
тиркеме

2022-2025-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү менен даярдык көрүү мезгилинин объекттерин куруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ

16.05.2022-ж. карата доллардын курсу 82,44 сом

Аталышы

Өлчөө бирдиги

Иштердин саны

Бардык наркы млн. АКШ долл. 

Каржылоо млн. сом.

Биринчи жыл

Биринчи жылы, бардыгы

Экинчи жыл

Экинчи жылы, бардыгы

Үчүнчү жыл

Үчүнчү жылы, бардыгы

Бардыгы

I

II

III

IV

I

II

III

IV

I

II

III

IV

1

Иштеп жаткан транспорттук инфратүзүмдүн эксплуатациялык параметрлерин толуктап куруу жана калыбына келтирүү

1.1

КАГЭС-2 створунан тартып ТТ-2 транспорттук туннелинин участогунун курулушун аяктоо (126 м) (даярдык көрүү иштерин баштоо.12 ПКдан 12 ПК + 60 м чейин курулма түзүлмөсү)

м3

14391

2,88


5,2

5,2

5,2

15,6

33,6

32,4

32,4

32,4

130,8

24,4

24,6

24,4

17,4

91

237,2

1.2

КАГЭС-1 створун көздөй 110 кВ AЛ (18 км) жана 110/10кВ көмөк чордонун куруу

км

18

2,14





0

24,3

28,3

28,3

28,3

109

18,2

17,7

18,2

13,1

67

176,4

1.3

КАГЭС-1 створуна кеткен автожолду коргоо иш-чаралары менен калыбына келтирүү

км

18

4,38


12,0

13,1

12,0

37

46,2

51,1

44,1

44,1

186

37,1

37,5

37,1

26,8

139

361,1

2

Фаза 2 боюнча иштерди кеңири жайылтып баштоо аймагына техниканын жана адамдардын кирүүсүн камсыз кылуучу жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу

2.1

Жеткирүүнү камсыздоо жана Нарын дарыясынын оң жээгине узундугу 6 км болгон кирүүчү жолду куруу менен бирге көпүрө салуу, анын ичинде:

пм/км

80/6

4,25


14,0

14,0

14,0

42

43,5

43,5

43,5

43,5

174

36,0

36,4

36,0

26,0

134

350,4

2.1.1

Узундугу 80 м болгон МК көпүрөсүнө заказды жайгаштыруу

пм/м2

553 м2






0





0





0

0

2.1.2

Көпүрөнүн тирөөчтөрүн жана кирүү жолдорун куруу

м3/км

400/4 км






0





0





0

0

2.2

Узундугу 6 км болгон жаңы автожолду куруу, анын ичинде:

км

6

4,66


5,4

5,0

5,4

16

48,9

48,9

48,9

48,9

196

47,4

49,1

47,4

28,9

173

384,2

2.2.1

80 м аралыктагы көпүрөдөн ТТ-1, ТТ-2, ТТ-3 жаңы транспорттук туннелдеринин порталдарына чейин БЖИ колдонуп, жер-тоо иштерин аткаруу менен жолдорду куруу

км

5






0





0





0

0

2.2.2

Туруктуу Бака-Шака массивинин участогунда 1200 м белгисинен учурдагы жолдун жол кыртышынын белгисине чейин жантайыңкы жерлерди иштеп чыгуу жана коопсуздандыруу (960 белгисинде)

м3

139530






0





0





0

0

2.2.3

Селден жана таш кулоодон сактоочу иш-чараларды кошуп алганда створ аймагындагы курулуштун ич ара жолдорун калыбына келтирүү

км

4






0





0





0

0

3

Фаза 2 боюнча иштерди баштоону уюштурууга мүмкүндүк берүүчү биринчи кезектеги өндүрүштүк инфратүзүм объекттерин куруу

3.1

100 кызматкерге даярдык көрүү мезгилинин биринчи кезектеги иштерин аткаруу үчүн куруучулар үчүн убактылуу поселок куруу, анын ичинде:

м2

600

0,36





0

3,0

3,0

3,0

3,0

12

6,0

6,5

5,2


18

29,7

3.2

Чарбалык короо (башкы подрядчиктин, субподрядчиктердин базалары, гараждар, оңдоо устаканалары, кампалар (анын ичинде ЖЗ кампалары)








0





0





0

0

3.3

Бардык комплекси менен иштеген 100 турак жай поселогу








0





0





0

0

3.4

Чарбалык-ичүүчү жана өрткө каршы керектөөлөр үчүн суу резервуарларынын аянтчасын даярдоо, жеткирүү жана орнотуу








0










0

0

3.5

Суу тазалоочу курулмалардын аянтын даярдоо, орнотмолорду жеткирүү жана монтаждоо








0





0





0

0

4

"Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИсинде жер бөлүштүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү

4.1

Камбарата-1 ГЭСинин негизги жана убактылуу курулуштарын куруу үчүн жер участокторунун чек араларын алып чыгуу менен жер бөлүштүрүү долбоору боюнча "Кыргызмамжердолбоорлоо" МДИнин кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы

га

542

0,20



2,0

5,0

7

9,6




9,6





0

16,6

5

Курулушка катышкан жаңы жумуш орундарынын саны

киши



ай сайын 100-200 киши

ай сайын 100-200 киши

ай сайын 100-200 киши



БАРДЫГЫ:



18,87

0,0

36,6

39,3

41,6

117,5

209,1

207,2

200,2

200,2

816,7

169,1

171,8

168,3

112,2

621,4

1555,6


Тиркемелер

Басып чыгаруу