КР Министрлер Кабинетинин 03.10.2022 №544 токтому

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясына ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишкананы түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө

Ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясына төмөнкү ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин:

- "Ак-Талаа көмүр" ведомстволук көмүр казуучу мамлекеттик ишканасын түзүү, жоюу, кайра уюштуруу;

- аталган мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү;

- аталган мамлекеттик ишкананын финансы-чарбалык ишин контролдоо.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишкананын жетекчиси Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;

- жогоруда аталган мамлекеттик ишкананын жетекчисине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чаралары Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-2-пункту "Чоң-Алайкөмүр" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөрдөн кийин "Ак-Талаа көмүр" мамлекеттик ишканасына" деген сөздөр менен толукталсын.

4. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу