КР Министрлер Кабинетинин 19.10.2022 №578 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жол жана жол боюндагы сервис объекттерин тартипке келтирүү максатында, "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:

6-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинин жана жол боюндагы тилкесинин жерлеринде жайгашкан жол жана жол боюндагы сервис объекттери үчүн;";

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинин жана жол боюндагы тилкесинин жерлеринде жайгашкан жол жана жол боюндагы сервис объекттери үчүн;";

- 55-9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"55-9. Мамлекеттик жер пайдалануучунун жер участогуна үч жылга чейинки мөөнөткө ижара келишимин түзүү төмөнкүлөрдү түз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат:

а) мамлекеттик жер пайдалануучу - соода рыногунун (соода ишканасынын) дирекциясы тарабынан соода ишин жүргүзүү үчүн жер участогун;

б) мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан жеке менчикте турган темир жолдорунун курулмалары үчүн жер тилкесинин бөлүгүн;

в) мамлекеттик жер пайдалануучу тарабынан жол жана жол боюндагы сервис объекттери үчүн жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинин жана жол боюндагы тилкесинин бөлүгүн.".

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- 2022-жылдын 1-ноябрына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:

жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкесинде жайгашкан жер участокторун берүү жана аларды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартибин;

жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкесинде жайгашкан жер участокторун ижаралоо укугунун рыноктук наркын аныктоо боюнча эсептөөлөрдүн коэффициенттерин;

жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкесиндеги жер участогундагы жол жана жол боюндагы сервис объекттерин жайгаштырууга техникалык шарттарды берүү тартибин;

жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкесиндеги жер участогун ижаралоонун типтүү келишимин, ижара келишимин түзүүгө жана техникалык шарттарды алууга өтүнмөлөрдүн формаларын;

- жол чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинде жана жол боюндагы тилкесинде жайгашкан жерлерди берүүнү жүзөгө ашырсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров


Тиркемелер

Басып чыгаруу