КР Министрлер Кабинетинин 07.12.2022 №670 токтому

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө

"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссия жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссия жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 8-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 20-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы


А.Жапаров




2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Эвакуациялык комиссиянын
КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын улук офицери, комиссиянын катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары;

Бишкек, Ош шаарларынын вице-мэрлери (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

"Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).

Тиркемелер

Басып чыгаруу