Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жер участокторун бир категориядан экинчисине же жерлердин бир түрүнөн экинчисине которуунун (трансформациялоонун) бирдиктүү тартибин белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 14–16, 20-статьяларына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КыргызРеспубликасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жоботиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 35“Запастагы жерлерди түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” токтомунун 17-пункту;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 164 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөнтартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров