КР Министрлер Кабинетинин 21.11.24 №707 токтому

Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин  47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору менен классификациялануучу) автомобиль транспорту менен (“Эркеч-Там – автожолу” жана “Торугарт – автожолу” автомобилдик өткөрүү пункттарын кошпогондо) Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспортоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом кабыл алынган датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттары аркылуу автомобиль транспорту менен көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 

жана 2702 коддору менен классификациялануучу) ташып чыгууда (экспорттоодо) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбайт.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
 2024-жылдын 18-мартындагы № 119 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                       А.У. Жапаров



Тиркемелер

Басып чыгаруу