Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын кызматкерлерин материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртуу жана дем берүү жөнүндө
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесине,
70-беренесинин 5-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 563-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын өнүктүрүү жана дем берүү фонддору (мындан ары – өнүктүрүү жана дем берүү фонддору) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин: өнүктүрүү жана дем берүү фонддорун түзүү үчүн республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан өндүрүлгөн укук бузууларды жасагандыгы үчүн айыптардын суммаларын төлөөдөн жергиликтүү бюджеттерге түшүүчү каражаттардын 100 пайызы багытталат; өнүктүрүү жана дем берүү фонддорунун иштөө жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери тарабынан бекитилет.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары тарабынан өндүрүлгөн укук бузууларды жасагандыгы үчүн айыптардын суммаларын төлөөнүн эсебине түшкөн акча каражаттарын эсепке алууну жүргүзсүн жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары менен өз ара эсептешүүлөрдү квартал сайын салыштырып текшерип турсун.
4. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча): өнүктүрүү жана дем берүү фонддорунун иштөө жана каражаттарын бөлүштүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитсин; бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев