2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
1) 2025-жылдын 1-январынан тартып 7-январына чейин дем алыш күндөрү деп белгиленсин жана төмөнкүлөр которулсун:
– 2025-жылдын 11-январындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 2-январындагы иш күнүнө;
– 2025-жылдын 24-февралындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 3-январындагы иш күнүнө;
– 2025-жылдын 10-мартындагы дем алыш күнү – 2025-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
2) 2025-жылдын 2-майы дем алыш күн деп белгиленсин жана ал 025-жылдын 1-сентябрындагы дем алыш күнгө которулсун.
2. Беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 30-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев