Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруучу заказчы-куруучуну күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капиталга инвестициялардын жана негизги фонддорду оңдоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
9-октябрындагы № 535 «Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«акысыз/акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга же акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга түздөн-түз берүү – ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылуучу тооруктарды өткөрбөстөн мамлекеттик менчикте турган жер участогуна укукту берүүнүн ыкмалары.»;
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) ушул Жобонун 43-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими (тапшырмасы) боюнча Министрлер Кабинети тарабынан бир жолку акы төлөө менен акы төлөнүүчү негизде улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн 49 жылга чейин.»;
– 559-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«559. Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору түз берүү жолу менен ижарага, акысыз/акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга же акысыз мөөнөтсүз пайдаланууга берилет.»;
– 5514-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимин (тапшырмасын) аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясынын 3-пунктуна жана 8-статьясынын
1-пунктуна ылайык жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн 49 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку акы төлөө менен акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга.».
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинде:
– 1-пункттагы, 15, 35, 37, 46-пункттардагы«товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү», «товарлардын, жумуштардынжана кызмат көрсөтүүлөрдүн» деген сөздөр тиешелүү түрдө «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү», «товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн»деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пункттагы «товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө», «товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү»деген сөздөр тиешелүү түрдө «товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө»,«товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 5-пункттагы «товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн»,«товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү», «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү», «товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү» деген сөздөр тиешелүү түрдө «товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн», «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» жана «товарлардыжеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтардыжана консультациялык кызматтарды көрсөтүү»деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 14, 28-пункттардагы «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 18-пункттагы «товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө» деген сөздөр «товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 30-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) сатып алуу предметинин кеңири сыпаттамасын, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жанаконсультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүн, анын ичинде техникалык өзгөчөлүгүн, курулуштун бүткүл көлөмүнө долбоордук документтерди, пландарды, чиймелерди жана эскиздерди, товардын, көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтын, консультациялык кызматтынсанын, товарлар жеткирилүүгө, жумуштар аткарылууга, кызматтар, консультациялык кызматтар көрсөтүлүүгө тийиш болгон жерди;»;
– 43-пункттагы «товарга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө» деген сөздөр «товарга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө жана консультациялык кызмат көрсөтүүгө» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 49-пункттун биринчи абзацындагы“товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөр «товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 57-пунктта:
6, 9, 10-пунктчалардагы «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү»,«товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр «товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жанаконсультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:
«17) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана/же Министрлер Кабинетинин чечими боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүдөн сатып алуу.»;
– 70-пунктта:
1, 2-пунктчалардагы «товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө», «товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн» деген сөздөр тиешелүү түрдө «товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө», “товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктчадагы «кызмат көрсөтүүлөрдүн»деген сөздөр «кызмат көрсөтүүлөрдүн, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн»деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-сентябрындагы № 489 «Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө»токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев