Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү жана сатып алуу чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жазык-аткаруу системасынын органдарынын жана мекемелеринин ишин тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 778 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы “Келечек” мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 14-пунктундагы “ЖАМКнын төрагасынын” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары – Фонд) ЖАМКнын төрагасы сунуштаган адамдардын ичинен Фонддун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“ЖАМК менен бирдикте Ишкананын өндүрүш иштерин пландайт, талдоо жүргүзөт жана Ишкананын өндүрүш иштеринен түшкөн таза кирешени чыгымдооонун артыкчылык багыттарын аныктайт, ошондой эле өндүрүштүк зарылчылык пайда болгон учурда Ишкананын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизет.”;
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“17. Ишкананын директорунун орун басарлары ЖАМКнын төрагасынын сунушу боюнча Фонд тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.”;
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. Ишкана өзүнүн ишин иштелип чыккан иш пландарынын негизинде жүргүзөт жана соттолгондор үчүн жетиштүү жумуш орундарын түзүү зарылдыгын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чыгарылчу продукцияга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талабын эске алуу менен өнүктүрүү перспективасын аныктайт.
Ишкананын келечектүү, жылдык жана күнүмдүк иш пландары ЖАМК менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.”.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы “Юстиция министрлигине” деген сөздөр “Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
- 5-пунктундагы “Юстиция министрлиги” деген сөздөр “Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д. Абылгазиев