Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Пилоттук долбоордун мөөнөтүн узартуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарына мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдүн механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 “Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун экинчи абзацында “2025” деген цифралар “2026” деген цифраларга алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
“121. 16 жашка толо элек курактагы, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
12-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамда ИЖН жок болгон учурда, ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат жана консулдук кызмат адамына кароого жана чечим кабыл алууга жиберет.
ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алуу АМС аркылуу ишке ашырылат.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев