Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 “Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфраструктура чөйрөсүнүн потенциалын чыңдоо, ошондой эле стратегиялык маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 “Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламентинде:
– 3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“мамлекеттик маанидеги долбоорлор – бул мамлекеттик жана/же муниципалдык башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфраструктура чөйрөсүн өнүктүрүүгө же чыңдоого багытталган, мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу долбоорлор;”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
“81. Зарыл болгон учурда Комиссия төрагасынын тапшырмасына ылайык Комиссиянын чечимдери сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Сурамжылоо жолу бетме-бет талкууну талап кылбаган маселелер боюнча чечимдерди оперативдүү кабыл алуу максатында колдонулат.
Сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алуу жол-жобосу зарыл материалдары менен чечимдин долбоорун Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүүнү камтыйт.
Сурамжылоо жолу менен кабыл алынган чечим протокол менен таризделет.
Пикир келишпестиктер келип чыккан же чечимди кабыл алуу үчүн добуштардын саны жетишсиз болгон учурда маселе Комиссиянын бетме-бет жыйналышына чыгарылат.”;
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок учурда, анын жыйналышка катышып жаткан ишенимдүү адамы ишеним кат боюнча анын атынан жыйналыштын протоколуна кол коюуга укуктуу.”;
– 29-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) төмөнкүлөргө багытталууга тийиш болгон долбоорлордун артыкчылыктуулугу:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык башкаруу чөйрөсү үчүн инфраструктуралык объекттерди куруу;
– экономиканы өнүктүрүү;
– саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфраструктура чөйрөсүн өнүктүрүү же чыңдоо;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев