КР Министрлер Кабинетинин 12.03.25-ж. №128 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана окуу-тарбиялоо процесси үчүн эң жакшы шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын
 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

«14. Бишкек шаарында төмөнкүдөй кошумча штаттык бирдиктер каралат:

1) жалпы билим берүү уюмдарында: 

- 1200гө чейин окуучу болсо – директордун тарбия иштери боюнча орун басарынын 0,5 штаттык бирдиги, 1201 жана андан ашык окуучу болсо – 1 штаттык бирдиги;

- 600гө чейин окуучу болсо – орус тилинде окутулуучу жалпы билим берүү уюмдары үчүн директордун мамлекеттик тил боюнча орун басарынын 0,5 штаттык бирдиги, 601 жана андан ашык окуучу болсо – 1 штаттык бирдиги; 

- 1200гө чейин окуучу болсо – китепканачынын 0,5 штаттык бирдиги, 1201 жана андан ашык окуучу болсо –1 штаттык бирдиги; 

- 600гө чейин окуучу болсо – психологдун 0,5 штаттык бирдиги, 601 же андан ашык окуучу болсо –1 штаттык бирдиги;

- бассейн болсо:

бассейн инструкторунун (сууда сүзүү боюнча) 2 штаттык бирдиги;

сууну химиялык жол менен тазалоочу лаборанттын 1 штаттык бирдиги;

2) адистештирилген көмөкчү мектептерде:

- директордун окуу, окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынын 0,5 штаттык бирдиги;

- ийримдин жетекчисинин 0,75 штаттык бирдиги;

- китепканачынын, психологдун, катчынын, директордун чарба иштери боюнча орун басарынын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 1ден штаттык бирдиги;

3) окутуунун кечки формасындагы жалпы билим берүү уюмдарында:

- директордун чарба иштери боюнча орун басарынын, катчынын, имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 1ден штаттык бирдиги;

4) башталгыч жана негизги жалпы билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюмунда:

-  имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 0,5 штаттык бирдиги;

- катчынын 0,5 штаттык бирдиги.»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:

«16. Бишкек шаарынын А. Каниметов атындагы № 1 лицей-интернат жалпы орто билим берүү мектебинде төмөнкүлөр каралат:

- методисттин жана сантехниктин 1ден штаттык бирдиги;

- электриктин 1,5 штаттык бирдиги.»;

  1. жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

«21. Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында төмөнкүлөр каралат:

1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

- 4 топ болгон учурда чарба башчысынын 0,5 штаттык бирдиги кошумча киргизилет;

- 4 төн 7ге чейинки топ болсо – методисттин 0,5 штаттык бирдиги, 8 жана андан ашык топ болсо –1 штаттык бирдиги;

- 13кө чейинки топ болсо – медициналык айымдын 0,5 штаттык бирдиги;

- электр менен жылытуу болгон учурда тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун (электриктин) 0,5 штаттык бирдиги кошумча киргизилет;

2) адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында:

- дарылоо дене тарбиясынын инструкторунун 0,5 штаттык бирдиги;

- методисттин, педиатр-врачтын, медициналык айымдын, укалоочунун жана адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмунун профилине жараша ортоптист-медициналык айымдын жана психиатр-врачтын 1ден штаттык бирдиги;

3) балдардын күнү-түнү болуусу менен адистештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарында: 

- балдардын күнү-түнү болуусу менен 5ке чейинки топ болсо – түнкү медициналык айымдын 1 штаттык бирдиги; түнкү тарбиячынын 1 штаттык бирдиги;

- балдардын күнү-түнү болуусу менен 6 же андан ашык топ
 болсо – түнкү тарбиячынын 3 штаттык бирдиги.»;

4) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:

«19. Бишкек шаарынын кошумча билим берүү уюмдарында төмөнкүлөр каралат: 

- бөлүмдүн башчысынын, уюштуруучу-педагогдун, костюмердик бөлмө башчысынын 1ден штаттык бирдиги;

- методисттин, үн режиссерунун 2ден штаттык бирдиги; 

- катчынын 0,5 штаттык бирдиги;

- вахтердун 2 штаттык бирдиги;

- имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды тейлөө жана күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчунун 2 штаттык бирдиги.». 

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                               А.А. Касымалиев


Тиркемелер

Басып чыгаруу