Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларын өнүктүрүү, өздүк курамды азык-түлүк менен пландуу камсыз кылуу, өзгөчө мезгилге азык-түлүктүн кол тийгис запасын түзүү, аскер кызматчыларына кошумча тамак-аш уюштуруу үчүн айыл чарба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык, канаттуулар чарбасынын жана балык чарбасынын азыктарын кайра иштетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын (мындан ары – Чек ара кызматы) кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбалары мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыктан бош мезгилиндеги эмгегин, ошондой эле жумушчуларды колдонуу менен өзүн актоо шартында күтүлөт;
2) атайын каражаттардын эсебинен күтүү ишке ашырылган көмөкчү чарбалардын жумушчуларынын эмгегине акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнөт, көмөкчү чарбалардын өндүрүштүк-чарбалык иши Чек ара кызматынын директору бекиткен планга ылайык жүргүзүлөт;
3) көмөкчү чарбалар тапшырган продукция өздүк курамды ушул продукция менен пландуу камсыз кылуу эсебине киргизилет, аймактык монополияга каршы орган тарабынан белгиленген орточо базар бааларынан ашпаган баалар боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт, түшкөн каражат Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларынын атайын эсебине чегерилет;
4) Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбалары өзүнүн продукциясын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган баалар боюнча сатууга укуктуу.
2. Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларына төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
1) белгиленген план ашыра аткарылган учурда продукцияны аскер кызматчыларына, жумушчуларга, кызматчыларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, уюмдарга жана жеке жактарга базар баасында сатууга;
2) майрам күндөрү, машыгууларды, маневрларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү мезгилинде аскер кызматчыларына кошумча тамак-аш уюштуруу үчүн көмөкчү чарбалардын продукциясын сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен башка азык-түлүк товарларын (эт азыктарынан тышкары) сатып алууга.
3. Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбалары тарабынан өздүк курамды азык-түлүк менен пландуу камсыз кылуу үчүн айыл чарба продукциясын тапшыруудан жана бул продукцияны сатуудан түшкөн акча каражаттары төмөнкүлөргө колдонулат:
1) жыйырма беш пайызга чейин – муздаткыч кампаларын, жашылча-жемиш сактагычтарды жана азык-түлүк кызматынын чарбалык жана тиричилик багытындагы башка объекттерин курууга жана оңдоого, ошондой эле идиш, текче, электр мештерин, нан бышыруучу мештерин жана башка жабдууларды сатып алууга;
2) беш пайызга чейин – кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин көмөкчү чарбаларынын ишине катышкан аскер кызматчыларына, жумушчуларга жана кызматчыларга дем берүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
3) он пайызга чейин – борбордук аппараттын өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүүгө:
4) он пайызга чейин – кошуундарды, аскер бөлүктөрүн жана мекемелерди өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүүгө.
Көмөкчү чарбалардын калган акча каражаттары ушул чарбаларды уюштурууга жана жүргүзүүгө (мал чарба жайларын, күнөсканаларды курууга жана оңдоого, тракторлорду, башка айыл чарба техникасын, күйүүчү-майлоочу материалдарды, мал чарба комплекстерин, малды жана канаттууларды, үрөн, жер семирткичтерди, химикаттарды, ветеринардык препараттарды сатып алууга, жумушчулардын жана кызматчылардын эмгегине, электр энергиясына, сууга, жерди, айыл чарба жана башка техникаларды ижарага алуу үчүн акы төлөөгө), ошондой эле Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин маданий-тиричилик, чарбалык жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга, анын ичинде Чек ара кызматы аныктаган өлчөмдө жана тартипте кошумча тамак-аш уюштуруу үчүн азык-түлүк товарларын сатып алууга чыгымдалат.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары Чек ара кызматынын кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин көмөкчү чарбаларын уюштуруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүгө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөдөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев