«Ведомстволук кийими, атайын коргоочу кийими жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин буюм мүлкү менен камсыздоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрь №829 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрь №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруучу бийликтин айрым мамлекеттик органдарына берүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлерин жана кызматкерлерин буюм мүлктөрүн толук эффективдүү камсыздоо, ведомстволук жана атайын коргоочу кийимдик мүлктөрүн кийүүнү тартипке келтирүү, буюмдук мүлктөрдү чыгыштоо, эсебин тартипке салууну жакшыртуу жана камсыздоо максатында,
Б У Й Р У К К Ы Л А М Ы Н:
- Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук жана атайын коргоочу буюм мүлктөрүнүн сүрөттөлүшү жана кийүү Тартиби;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буюмдук мүлк менен камсыздоо Жобосу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери бул буйрукту иш үчүн жана жетекчиликке алсын.
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысы:
-ушул кабыл алынган буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча иш-чараларды уюштурсун;
__________________К.О. Ахматов
- буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилинде, эки нускада кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, жарыяланган булактарын көрсөтүү менен жөнөтсүн.
- Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник К.О.Ахматовго жүктөлсүн.
- Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Н.С. Мирзахмедов