КР Министрлер Кабинетинин 31.03.25-ж., № 168 токтому

Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Төмөнкүлөр белгиленсин:

1)    чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу үчүн жыйым бир миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2)   укук белгилөөчү документтери жок легалдаштыруудан өткөн автотранспорт каражаттарына регион графасында «10» цифралык коду менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилери берилет. 

3.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 438 «Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө уруксат берилген рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан атайын транспорт каражаттарынын тизмеси:

– төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

«

6    Кыргыз Республикасынын аймагына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо белгилери бар М1, M1G, M2, M2G, N1, N1G категориясындагы автотранспорт каражаттары    Жеке пайдалануу үчүн  

 »; 

– төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

«Эскертүү: ушул Тизменин 6-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын категориялары ТР ББ 018/2011 Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин категорияларына шайкеш келет.

Ушул Тизменин 6-пункту 2025-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат деп белгиленсин.».

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом боюнча төмөнкүлөр белгиленсин:

1) расмий жарыяланууга тийиш;

2) 2025-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 1-октябрына чейин колдонулат.


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы А.А. Касымалиев