КР Министрлер Кабинетинин токтому 26.02.2025-ж. №90

«2025–2030-жылдарга иммундук профилактика»  программасын бекитүү жөнүндө


Калктын ден соолугун коргоо жана санитардык-эпидемиялык бакубаттыгын камсыз кылуу максатында, «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,
 42-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасы
 1-тиркемеге ылайык;

2) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;

3) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасынын ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;

4) «2025–2030-жылдарга иммундук профилактика» программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик органдар, министрликтер жана административдик ведомстволор:

1) иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

2) ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.



3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берип турсун.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын
 16-декабрындагы № 609 «2020–2024-жылдарга «Иммунопрофилактика» программасын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтомду ишке ашыруу тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                         А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу