КР Министрлер Кабинетинин токтому 03.04.2025-ж. №175

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-февралындагы № 45 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы А.А. Касымалиев