Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөөнү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында пластик калдыктары менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев