КР Министрлер Кабинетинин токтому 14.04.2025-ж. № 201

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 31-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 «Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-мартындагы № 168 «Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

      1) 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:   

«1) кыймылдаткычынын көлөмү 2 000 куб. см чейинки автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу үчүн жыйым – беш жүз эсептик көрсөткүч, ал эми көлөмү 2 001 куб. см жогору болгон автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу үчүн жыйым – бир миң эсептик көрсөткүч.»;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып киргизилген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн автотранспорт каражаттарынын айрым категорияларын легалдаштыруунун убактылуу тартибинде:   

– 7-пунктта:

сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:  

«– транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредиттелген контролдоо органы тарабынан берилген транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутунду;»;

тогузунчу, онунчу абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

– 8-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2) автотранспорт каражатын легалдаштыруу жөнүндө арызды түзөт жана автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү күнүн белгилейт. Аталган системада маалыматтар болбогон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын
 30-декабры болуп эсептелет.»;  

– 9-пунктта «8» деген цифра «7» деген цифрага алмаштырылсын.

2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредиттелген контролдоо органдарына 2024-жылдын
 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына ташып келинген жана укук белгилөөчү документтери жок, чет мамлекеттердин мамлекеттик каттоо номердик белгилери бар автотранспорт каражаттарынын айрым категориялары үчүн (транспорт каражаты ташылып келген өлкөгө жана катталган өлкөгө карабастан) техникалык экспертиза формасында шайкештигин баалоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин. 

Транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундунун формасы жана транспорт каражатынын техникалык экспертизасы формасында шайкештикти баалоону жүргүзүү үчүн берилүүчү документтердин тизмеги техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

3. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредиттелген контролдоо органдарына транспорт каражатынын категориясына карабастан транспорт каражаттарынын шайкештигине баалоо жүргүзүүнүн наркын 950 (тогуз жүз элүү) сом өлчөмүндө белгилөө жөнүндө маселени кароо сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн. 

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Кыргыз Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                   А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу