Жарандык коргонуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 8-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
“ - эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.”
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- тогузунчу абзацындагы “коммуникациялар” деген сөз “жол” деген сөз менен алмаштырылсын;
- онунчу абзацы “айыл чарба” деген сөздөрдөн кийин “, тамак-аш өнөр жайы” деген сөздөр менен толукталсын;
- он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- он төртүнчү абзацы “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “ эмгек жана” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи – он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“ - Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;”;
он алтынчы жана он сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырманчы абзацындагы “санитариялык” деген сөз алып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун төртүнчү абзацындагы “эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин” деген сөздөр “жана көмөктөшүүчү субъектилердин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 113 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жободо:
- 4-пунктунда:
алтынчы абзацы “гуманитардык жардамды” деген сөздөрдөн кийин “жана эл аралык чукул жардамды” деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“ - тиешелүү аймакта эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө муктаждыкты аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт.”.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев