Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрук

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5 Б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын   3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын                  27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругу менен бекитилген Бюджеттик классификацияга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1)  1-главада (Кирешелердин классификациясы):

  • төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:

1114

Бирдиктүү салык төлөмү



11141

Бирдиктүү салык төлөмү



11141100

Бирдиктүү салык төлөмү

”;

  • 14153200 элементиндеги сапта “Сымап камтыган калдыктарды кайра иштеп чыгууга” деген сөздөр алып салынсын;
  •  төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:

14224530

Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйым



14224540

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйым



14224550

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмаларда жүрүү үчүн жыйым



1424

Башка иштерден каражаттардын түшүүсү



14241

Өндүрүштүк-чарбалык иштерден түшүүлөр



14241100

Өндүрүштүк иштерден түшүүлөр



14241200

Эс алуу чөйрөсүндөгү иштерден түшүүлөр



14241300

Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр



14241400

Медициналык калдыктарды ташуу жана утилдештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр 



14241500

Капиталдык салымдарга 2,9 пайызга чейинки өлчөмдө түшүүлөр



14241600

Мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан алынган түшүүлөр



14241700

Фельдъегердик байланыш кызматтарын көрсөтүүдөн түшүүлөр



14241800

Көмөкчү чарбалардан түшүүлөр



14241900

Өндүрүштүк-чарбалык иштерден башка түшүүлөр



14242

Финансылык иштерден түшүүлөр



14242100

Жайгаштырылган бюджеттик каражаттардан пайыздык кирешелер 



14242200

Соттолгондордун эмгек акысынан кармап калуулардан түшүүлөр



14242300

Атайын эсептердин каражаттарынан мурда берилген ссудалар боюнча кайтарылган каражаттардан түшүүлөр



14242400

Кепилдик берүү үчүн комиссия 



14242900

Финансылык иштерден башка түшүүлөр



14243

Башка иштерден түшүүлөр



14243100

Келишимдик жумуштардан түшүүлөр



14243200

Окуу жайларына тапшыруудагы, которулуудагы жана кайра калыбына келтирүүдөгү кирешелер, окуу жайларына тапшыруудагы акы 



14243300

Жатаканаларда жашоо үчүн түшүүлөр



14243400

Театралдык оюн-зоок жана кино көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр



14243500

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын  ишинен түшүүлөр



14243600

Веб-порталга жазылуудан каражаттардын түшүүсү



14243700

Билим берүү мекемелеринде тамактануу үчүн акы



14243900

Башка иштерден түшүүлөр



14249

Дагы башка түшүүлөр



14249100

Камкорчулук төгүмдөрү



14249200

Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан келишимдик негизде көрсөтүлүүчү ведомстволор аралык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы



14249300

Жогору турган мекемелерден чегерүүлөр



14249400

Ведомстволук мекемелердин ортосундагы чегерүүлөр



14249500

Төмөн турган мекемелерден чегерүүлөр



14249600

Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр



14249900

Атайын эсептерге чегерилүүчү башка түшүүлөр



14511140

Мамлекеттик каттоо номердик белгилерин сатуудан түшкөн пайданын эсебинен мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер

”;

-      1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу тартиби):

          -         төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:

“1114Бирдиктүү салык төлөмү;

11141Салыктарды төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби;

11141100Салыктарды төлөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби;

  • 14224530 автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар - Кыргыз Республикасынын аймагына бензинди, дизельдик отунду жана башкаларды импорттоочу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүчү юридикалык же жеке жактардан алынуучу төгүм эсепке алынат;
  • 14224540 жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат; 
  • 14224550 жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүү үчүн жыйымдар эсепке алынат;
  • 1424            башка иштерден каражаттардын түшүүсү эсепке алынат;
  • 14241          өндүрүштүк-чарбалык иштерден түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14241100 товарларды жана жумуштарды өндүрүү менен байланышкан иштерден алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14241200   пансионаттардын, санаториялардын, эс алуу үйлөрүнүн ишинен жана мейманканалык тейлөөдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14241300   баалуу металлдарды, асыл таштарды жана Мамлекеттик фонддун башка баалуулуктарын сатуунун натыйжасында түшкөн кирешелер эсепке алынат;
  • 14241400    медициналык багыттагы калдыктарды коопсуз алып өтүү жана жок кылуу менен байланышкан иштерди аткаргандыгы үчүн саламаттык сактоо мекемелеринен алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14241500 мамлекеттик казыналык милдеттенмелер менен төлөнгөн суу чарба объекттерин курууга капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнөн 2,9% өлчөмүндө Дирекцияны күтүүгө түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14241600 мамлекеттик материалдык резервдин баалуулуктарын сатуудан түшүүлөр, мамлекеттик резервде сакталган товарларды жана ресурстарды сатуунун натыйжасында алынган кирешелерди камтыйт;
  • 14241700 буюмдарды, жүктөрдү жана жазуу жүзүндөгү корреспонденцияларды, ошондой эле  “Өзгөчө маанилүү”, “Жашыруун”, “Өтө жашыруун” деген гриф менен расмий корреспонденцияларды кабыл алууну, ташууну жана жеткирүүнү жүзөгө ашырган атайын (мамлекеттик же ведомстволук) курьердик байланыштан алынган кирешелер эсепке алынат; 
  • 14241800 уюм үчүн негизги болуп саналбаган көмөкчү чарбалык иштерди жүргүзүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14241900   өндүрүштүк-чарбалык иштерден башка түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14242        финансылык иштерден түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14242100   мамлекеттик же муниципалдык органдар тарабынан убактылуу бош бюджеттик каражаттарды банктык депозиттерге, облигацияларга же башка финансылык инструменттерге жайгаштыруудан алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14242200   мыйзамда каралган аткаруу документтери боюнча соттолгондордун эмгек акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен кармалуучу  түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14242300 атайын эсептерде турган каражаттардын эсебинен берилген мурда алынган зайымдарды зайымчылар тарабынан кайтарып берүүнүн натыйжасында түзүлүүчү акчалай түшүүлөр эсепке алынат; 
  • 14242400 улуттук экономика субъектиси үчүн кредитордун алдында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилдик берүү үчүн бир жолку комиссия алынат;
  • 14242900   финансылык иштерден башка түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14243         башка иштерден, башка түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14243100  заказчылар менен келишим боюнча иштерди аткарууда алынган  кирешелер эсепке алынат;
  • 14243200   окуу жайларына тапшыруудагы, которулуудагы жана кайра калыбына келтирүүдөгү акча каражаттары, окуу жайларына тапшыруудагы акы эсепке алынат;
  • 14243300  окуу жайына таандык жатаканада жашагандыгы үчүн студенттерден, кызматкерлерден же башка адамдардан алынган акча каражаттары эсепке алынат;
  • 14243400 театралдык, концерттик, цирк, оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдөн, ошондой эле кино жана мультфильмдерди көрсөтүүдөн алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14243500 мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын (телекөрсөтүү, радио, гезиттер, интернет-басылмалар) ишинен түшкөн кирешелер эсепке алынат;
  • 14243600 контентке, кызмат көрсөтүүлөргө же функцияларга жетүү үчүн жазылууга акы төлөгөн веб-сайттын же онлайн платформанын колдонуучуларынан алынган кирешелер эсепке алынат;
  • 14243700 бала бакчаларда, мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде окуучулардын тамактануусу үчүн төлөнүүчү акча каражаттары эсепке алынат;
  • 14243900башка каражаттардын түшүүлөрү эсепке алынат;
  • 14249         дагы башка түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14249100  жеке же юридикалык жактар (камкорчулар) тарабынан уюмга, мекемеге же долбоорго аларды колдоо жана өнүктүрүү максатында жасалган ыктыярдуу финансылык төгүмдөр эске алынат;
  • 14249200 түзүлгөн келишимдердин негизинде башка мамлекеттик же муниципалдык органдарга кызмат көрсөткөндүгү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин алган кирешелери эсепке алынат. Мындай кызмат көрсөтүүлөр акы төлөө негизинде, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык милдеттенмелерди аткаруунун алкагында көрсөтүлүшү мүмкүн;
  • 14249300  мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу жана ченемдик-укуктук актыларга ылайык белгиленген жогору турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;
  • 14249400   ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген жана мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу уюмдардын ортосундагы чегерүүлөр эсепке алынат;
  • 14249500  ченемдик укуктук актыларга ылайык белгиленген жана мамлекеттик органдардын деңгээлдеринин ортосундагы финансылык өз ара мамилелерди жөнгө салуучу төмөн турган мекемелердин чегерүүлөрү эсепке алынат;
  • 14249600  биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр эсепке алынат, алар түзүлгөн келишимге/макулдашууга ылайык акысыз жана кайтарымсыз негизде берилет; 
  • 14249900    атайын эсептерге чегерилүүчү башка түшүүлөр эсепке алынат;
  • 14511140 автотранспорт каражаттарына өзгөчө цифралардын жана/же тамгалардын айкалышы бар мамлекеттик каттоо номерлерин сатуудан түшкөн пайданын эсебинен мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер эсепке алынат”;
  • 14153200  элементинин сабында аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Товарларды пайдалануудан келип чыккан таштандыларды кайра иштетүү ченемдерин аткарууну камсыз кылууга жыйымдар эсепке алынат”;

-      14224510 элементинин сабындагы “жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдар, автомобилдик жасалма курулмалар боюнча жүрүү үчүн жыйымдар, автомобиль жолдору боюнча өтүү” деген сөздөр алып салынсын;

  1. 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясы):
  2. 22192200 элементиндеги сапта “талондор” деген сөз алып салынсын;
  3. 2-главада (Чыгашалардын экономикалык классификациясын колдонуу тартиби):

-      22192200 элементиндеги сапта “талондор” деген сөз алып салынсын;

3)    5-главада (Ведомстволук классификация):

-      төмөнкүдөй мазмундагы саптар менен толукталсын:

15220

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси



26840

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ("Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасын жана   “Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууну каржылоо)



41230

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай     министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Суу чарбасынын объкттерин куруу боюнча дирекциясы

”.

2.    Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:

  1. ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
  2. ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
  3. ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.

3.  Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.

5.   Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө билдирсин.

6.   Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору   У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.


Министр                                                              А.К. Бакетаев