КР Министрлер Кабинетинин 24.04.2025-жылдагы №230 токтому

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө


Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:


1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын уставдарын кайра бекитүү иштерин жүргүзсүн;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Типовой Устав школ на кырг.docx

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 

Төрагасы                                                          А.А. Касымалиев

Тиркемелер

Басып чыгаруу