КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 токтому

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 “Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- 2-пункту “Билим берүүчү уюмдар” графасындагы “клубдары)” деген сөздөн кийин “, облустук методикалык билим берүү борборлору (бөлүмдөрү), билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттери” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

“21. Атайын эсептин каражаттарынан каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын билим берүүчү уюм өзү аныктайт, мында алардын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиешелүү кызмат оруну боюнча бюджеттик эсептин каражаттарынын эсебинен каржыланган билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүнөн төмөн болбоого тийиш.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускамада:

- 5-главасынын 5.4-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:

“Билим берүү уюмдарын жана программаларды лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча ишке тартылган эксперттердин сааттык эмгек акысынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын  19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомунун 1-тиркемесинде аныкталган жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн деңгээлинде белгиленет.”.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-июлундагы № 370 “Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмдөрүнүн негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

- “Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топтору үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын базалык деңгээлине киргизилүүчү түзөтүү коэффициенттери” деген 2-бөлүмдүн “Даярдоо багыттарынын (адистиктердин) топторунун аталышы” графасындагы 5-пункту “Саламаттык сактоо” деген сөздөрдөн кийин “, дене тарбия” деген сөздөр менен толукталсын.

5. Ушул токтомдун 3 жана 4-пункттарын ишке ашырууга байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде каржылана тургандыгы белгиленсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр                                                            М.Д.Абылгазиев 

Тиркемелер

Басып чыгаруу