КР Министрлер Кабинетинин 17.05.25 ж.№261

Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 “Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Шахимардан, Сох, Чоң-Гара, Таш-Дөбө жана Ворух анклавдарынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) өзгөчө тартиби мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекет орган тарабынан бекитилет деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 212 “Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн), чыгуусунун (ташып чыгуунун) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Тиркеме 261 т..docx

Кыргыз  Республикасынын 

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                  А.А. Касымалиев

 

Тиркемелер

Басып чыгаруу