Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Технологиялык парктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 28-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Индустриялык парктар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом ишке тартылган мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев